Футбол боюнча Европа чемпиондугунун тайпалык баскычтагы оюнунун алкагында Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду пенальтиден соң көзүнө жаш алган учурундагы сүрөт социалдык тармактарга тарады.
1-июлдагы Словения менен болгон оюнда Роналду кошумча берилген убакытта пенальтиде атаандашынын дарбазасына гол киргизе алган жок. Мындан улам футболчу көзүнө жаш алып, командалаштары аны сооротууга аргасыз болушкан.
Интернет колдонуучулары бул учурда Роналдунун апасы ал жерде болгонун, ал дагы көзүнө жаш алганын жазышып, сүрөттөрдү бөлүшүп жатышат.
Жыйынтыгында Португалия атаандашы Словенияны пенальтилер сериясында 3:0 менен утуп, алдыдагы чейрек финалда Франция менен беттешмей болду.