Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду кийинки Европа чемпиондугуна катышпайт. Ал Германияда өтүп жаткан азыркы турнир анын карьерасындагы соңку беттеш болорун айтты.
"Бизди Францияга каршы оор оюн күтүп турат, биз күрөшөбүз. Мен Португалиянын бул футболкасы үчүн бардык нерсемди берем, муну өмүр бою кылам. Мен эч качан бир нерседен баш тартуудан корккон эмесмин. Бирок бул менин Европа чемпиондугундагы акыркы оюнум. Күйөрмандарымды аяп турам", - деди футболчу маектеринин биринде.
Бүгүнкү күндө Роналду Европа чемпиондугунда 6 жолу ойногон тарыхтагы жалгыз футболчу. 2023-жылдын башынан бери ал Сауд Арабиясынын "Аль-Наср" клубунда ойноп келет. 39 жаштагы португалиялык чабуулчунун учурдагы келишими 2024/2025 сезонунун аягына чейин түзүлгөн.