Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама тобунун капитаны Валерий Кичин "Енисей" клубунан кетти. Эми ал Өзбекстандын "Локомотив" клубуна өтүшү ыктымал. Бул боюнча Орусиянын футбол клубу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Андагы маалыматка караганда, аталган клубду Кыргызстандын курама командасынын мурдагы машыктыруучусу Александр Крестинин жетектейт.
Кошумчалай кетсек, Валерий Кичин 31 жашта. Ал "Енисей" клубунда 8 сезондо 201 оюнга катышып, 24 гол киргизген.