Якутияда өтүп жаткан "Азия балдары-2024" оюндарында жеңил атлетика боюнча курама 2 күмүш медаль утуп алды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июль күнү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жеңил атлетика боюнча кыргызстандык 2 жөө күлүк достук эстафетасында 2 күмүш медаль утуп алды.
"Эркектер арасында Элсүйөр Хабибуллаев эстафеталык жарышта 400 метр чуркап, Таиланд, Казакстан жана Орусия өлкөлөрүнүн спортчулары менен бирге күмүш медаль тагынды. Ошондой эле кыздар арасында Амалия Юсупова 100 метр аралыкта чуркап, Орусия, Өзбекстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн жөө күлүктөрү менен бирге күмүш байгенин ээси болду", - деп жазылат анда.
Жеңил атлетика боюнча өлкөнүн өспүрүмдөр курамасында жалпы 8 спортчу катышкан. Команданы ага машыктыруучу Алексей Намуратов жетектегени кабарланат.