Орусиялык дзюдочу Махмадбек Махмадбеков Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышуудан баш тартты. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Ага ылайык, буга чейин 24-жаштагы спортчу Париждеги оюндарга катышуу сунушун кабыл алганын билдирген. Олимпиадалык рейтингге ээ болгон 17 дзюдочунун ичинен төртөөнө Жайкы Олимпиадага катышууга уруксат берилген.
"Махмадбеков, Валерий Эндовицкий, Алиса Старцева жана Дали Лилуашвили Олимпиадага жолдомо алган. Орусиянын дзюдо федерациясынын президиуму Олимпиадага катышуудан баш тартуу боюнча бир добуштан чечим кабыл алды", - деп жазылат анда.
Ошондой эле Париждеги оюндарга катышкан орусиялыктардын тизмеси жаңыланары кошумчаланат.
Белгилей кетсек, Франциянын борборундагы оюндар 26-июлдан 11-августка чейин өткөрүлөт.