Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жакын тууганына катталган жер мамлекетке алынды. Бул тууралуу Улуттук коппсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат Көлбаев былтыр Чолпон-Атадагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын 1 гектар жерин менчикке алып, аны У.А. аттуу жакын тууганынын атына каттатканын аныктаган.
"Сметалык баасы 21 миллион 315 миң сом болгон жер тилке Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.