Астрономдор эртең, 5-июлда Жер Күндөн мүмкүн болушунча алыс болорун эске салышты. Бул боюнча чет өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалымдалгандай, планета менен Күндүн ортосундагы аралык 152 093 251 чакырымды түзөт. Ал эми эртең перигелий (Жер планетасынын Күнгө эң жакын орбитасындагы чекит) чекитинде ал болжол менен 147 миллион чакырымга чейин азаят.
Орусиялык астроном Людмила Кошмандын айтымында, бул окуя жер бетиндеги аба ырайына жана башка шарттарга эч кандай таасирин тийгизбейт.