Ташиев Париж Олимпиадасына катыша турган спортчуларга акчалай сыйлык тапшырды (сүрөт)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Париж Олимпиадасына катыша турган спортчулар менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда атайын кызматтан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде уюштурулган.

Жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, катышуучулар спорттук шаймандарды сатып алуу, спортчуларды жана машыктыруучуларды окуу-машыгуу жыйындарында жана мелдеш учурунда каржылык колдоо боюнча бир катар көйгөйлөрдү көтөрүшкөн.

Өз кезегинде Ташиев улуттук курама командаларга мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле айтылган бардык суроолор тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан каралып, мындан аркы иштерде эске алынары айтылды.

Олимпиада оюндарынын катышуучуларына президенттин тапшырмасы менен акчалай сыйлыктар жана белектер тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан