Кариб деңизиндеги аралдарда "Берил" бороонунан каза болгондордун саны жетиге жетти

Кечээ, 3-июлда "Берил" бороону Гренада, Сент-Винсент аралдарына чоң зыян келтирип, Ямайка тарапка бет алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, Кариб деңизиндеги аралдарда жана Венесуэлада "Берил" бороонунун курмандыктарынын саны жетиге жетти.

Венесуэланын түндүгүндө үч адам каза болуп, төртөө дайынсыз жоголду, деп билдирди президент Николас Мадуро.

Кошумчалай кетсек, кырсыктан 8 миңдей үй жабыркап, анын 400ү толугу менен талкаланган.

Бир күн мурун бешинчи категорияга жетип, азыр төртүнчү категорияга алсыраган "Берил" Ямайка тарапка жылып барды. Аталган бороон дем алыш күндөрү Техаска жетиши мүмкүн экендиги айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан