Ростов облусунан келген турист 30-июнда Сочиде кар көчкү астында калып каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, 29 жаштагы Кристина Линенко апасы менен бирге "Красная Поляна" эс алуу жайында бара жаткан. Ошол маалда тоодон бир нече тонналык кар көчкү аларды басып калган. Бирок Кристинанын апасы аман калып, өзү алган оор жаракатынан улам көз жумган.
Учурда жергиликтүү органдар тарабынан аталган аймакта текшерүү иштери жүрүүдө.