Азия балдары эл аралык спорт оюндарында бокс боюнча Ахмади Арваз 66 килограмм салмакта алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, ал финалдык беттеште орусиялык Егор Губин менен кез келип, 5:0 эсебинде жеңүүчү аталды. Ага чейин алгачкы беттешинде россиялык Самвел Мкртчянды жеңсе, андан соң өзбекстандык Засурбек Усмонжоновду артка калтырган.
"Кыргызстандык 3 мушкер коло медаль тагынды. 52 килограмм салмакта Даниил Булавкин 2 беттеш өткөрүп, коло байгенин ээси болду. Алгачкы беттешин сириялык мушкер Яоша Хамеда менен өткөрүп, калыстардын бирдей чечими менен жеңүүчү деп табылса, андан соң якутиялык атаандашына утулуп калды. Ошондой эле 70 килограмм ченде Халилибраим Асанов өзбекстандык мушкерге жеңилип, коло медаль тагынды", - деп айтылат маалыматта.
мындан тышкары 46 килограмм салмакта катышкан Нурсултан Дүйшөналиев алгач беларустук мушкерди утуп алса, кийинки беттешинде орус балбаны күчтүү болуп чыкты.
Эртең, 5-июлда алтын байге үчүн 63 килограмм салмакта Мухаммедкадыр Абдуманабов беттеш өткөрөт.
Эске салсак, Кыргызстандын бокс боюнча өспүрүмдөр курамасында жалпы 12 мушкер барган. Команданы башкы машыктыруучу Айбек Байсаяков жетектейт.