Евро-2024: Түркия-Австрия оюнунан кийин Германия түрк элчисин чакыртты

Түркиянын Германиядагы элчиси Европа чемпиондугундагы түрк футболчусунун ишаратынан кийин Германиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Чет элдик элчини кабыл алган мамлекеттин Тышкы иштер министрлигине чакыруу дипломатиялык катаал чара катары каралат.

Өз кезегинде Германиянын ички иштер министри Нэнси Фезер түрк оңчул экстремисттеринин жаңсоолоруна немис стадиондорунда орун жок экенин айтты.

"Футбол боюнча Европа чемпиондугун расизм үчүн аянтча катары колдонуу кабыл алынгыс", - деп баса белгилеген ал.

Фезер УЕФАны Мерих Демиралдын аракеттерин иликтеп, ага каршы чара көрүүгө чакырды.

3-июлда өткөн Түркия-Австрия беттешинде түркиялык футболчу Мерих Демирал экинчи голун киргизгенден кийин Түркиядагы "Бозкурт" кыймылы менен байланыштырылган "көк карышкыр" символун эки колу менен көрсөткөн. Анын бул ишараты үчүн УЕФА иликтөө баштаган.

Ал эми футболчу бул жосуну менен эч кандай чакырык жасабаганын айткан.

Белгилей кетсек, кол менен көрсөтүлгөн мындай ишарат Австрия сыяктуу Европанын кээ бир өлкөлөрүндө "экстремизм жана саясий ислам менен күрөшүү" деген жүйө менен тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан