Алайда Мурдаш суусуна түшүп кеткен бала изделүүдө (видео)

Ош облусунун Алай раонунда Мурдаш суусуна түшүп кеткен бала изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ Мурдаш суусуна Niva үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Унаада айдоочу менен 1 бала болгон. Куткаруучулар айдоочуну куткарып калууга үлгүрүшкөн. Тилекке каршы, жаш бала сууга агып кеткен.

"Издөө иштерине ӨКМден 16 куткаруучу, ИИМден 42 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 137 адам болуп жалпы 199 адам тартылган. Бүгүн дагы издөө улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

05.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан