Кайрат Нуртастын кармалышынын чоо-жайы белгилүү болду

Бүгүн, 5-июлда Астананын административдик укук бузуулар боюнча адистештирилген райондор аралык соту Кайрат Нуртастын ишин онлайн түрдө карады. Сотто Кайрат Нуртас менен Асылбек Беккайыровдун учактагы мушташынын чоо-жайы белгилүү болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Кайрат Нуртастын айтымында, пикир келишпестиктин келип чыгуусу досу аны тойдо ырдап берүүсүнөн улам башталган.

"Мени досум тойдо ырдап берүүмдү суранды. Мен ырдай албайм дедим. Ал мени "эмнеге ырдап бере албайсың" деп оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, башыма эки жолу чапты. Мен да жооп кайтардым. Анан ал унчукпай отурган болчу. Кайра келип чапты. Мен тартипти бузган жокмун. Мен жабырлануучумун", - деди ырчы.

Ал эми Асылбек Беккайыровдун айтымында, ал чындап эле ырчыны тойго чакырган, бирок ага жооп катары адепсиз билдирүү алган.

"7-8 жолу чалдым, жооп берген жок. Анан мен дос катары бири-бирибизге кыйын учурда жардамдашарыбызды эске салдым. Ал мага уят сөздөр менен жооп берди. Эмне үчүн мындай кылганын билүүгө аракет кылдым, бирок жолуга албадым. Кийин 4-июнда Астанага иш боюнча учуп бараткам, учакта жолуктук. Мен ага жакындап, эмне үчүн минтип жүргөнүн сурадым, жооп катары дагы уят сөздөрдү уктум. Экөөбүз кетип баратканда Кайрат мени уруп кетти. Анан полиция бизди РИИБге алып барды", - деп бөлүштү Беккайыров.

Эске салсак, буга чейин белгилүү казак ырчысы Кайрат Нуртас дагы бир чыр-чатакка тиешеси бар болуп, кылмыш ишинде айыпталуучу катары сотко өткөнү белгилүү болгон. Тактап айтканда, ырчы учакта мушташкан. Бул иш соттун кароосуна жөнөтүлдү. Ырчы кармалган. Ал эми Кайрат Нуртас бул окуяда жабырлануучу экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан