Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Елизавета Печерских Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, спортчу эркин стилде 50 метр аралыкка сүзөт. Буга чейин сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов биринчилерден болуп Олимпиадага жолдомо алган эле.
Ошентип Кыргызстандан Олимпиада оюндарына катыша турган спортчулардын саны 16га жетти. Алар:
Сууда сүзүү:
- Денис Петрашов;
- Елизавета Печерских.
Дзюдо:
- Эрлан Шеров;
- Айбек Кубанычбек уулу.
Бокс:
- Сейитбек Мунарбек уулу.
Грек-рим күрөшү:
- Акжол Махмудов;
- Жоламан Шаршенбеков;
- Амантур Исмаилов;
- Үзүр Жусупбеков;
Эркин күрөш:
- Эрназар Акматалиев;
- Бекзат Алмаз уулу;
- Айаал Лазарев;
Кыз-келиндер күрөшү:
- Айсулуу Тыныбекова;
- Айпери Медет кызы;
- Мээрим Жуманазарова.
Жеңил атлетика:
- Сардана Трофимова.