Кыргызстанда эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 11-декабрь күнү чек ара кызматкерлеринин жана Кыргызстандагы Интерполдун борбордук бюросунун кызматкерлеринин ыкчам издөө иштеринин натыйжасында эл аралык издөөдө жүргөн Алай районунун тургуну 21 жаштагы Рустам Туратов кармалды. Кармалган жаран Орусияда кылмыш кылып, эл аралык издөөгө алынган. Укук коргоо кызматкерлеринин маалыматына ылайык, ал ушул жылдын 14-апрель күнү Санкт-Петербург шаарында бир адамга бир нече жолу бычак сайып, жабырлануучунун ден соолугуна зыян алып келген. Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, Рустам Туратов камакка алынды.