Франция "Евро-2024" мелдешинин экинчи жарым финалчысы болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Анын улуттук футбол командасы Португалия курамасын утуп алды. Негизги жана кошумча тайм 0:0 эсеби менен аяктап, пенальтилер сериясында француздар 5:3 эсебинде жеңишке жетишти.
Эми жарым финалда буга чейин немистерди кошумча убакытта 2:1 эсебинде утуп алган Испания курамасы менен беттешет.