Кыргызстандык Гүлзат Кабылжанова орусиялык ишкер Иван Бакуров менен атактуу визажист Гоар Аветисян өткөргөн утушта BMW X3 унаасын утуп алды. Бул тууралуу видео ишкердин социалдык баракчасында жарыяланган.
Бакуровдун айтымында, ойнотууга 400 миңдей адам катышты. Гүлзат белекти алуу үчүе Орусияга атайын учуп барган. Жеңүүчүнү колдоо үчүн анын үй-бүлөсү да барышкан.
Анда Гүлзат Кабылжанованын жакындары Гоарды туулган күнү менен куттуктап, улуттук оймо-чийме түшүрүлгөн дизайнердик кийимдерди белекке беришти.
Анда визажист Аветисян ыраазычылыгын билдирген.