Ирандын президенти реформачыл Масуд Пезешкиан болду

Ирандагы президенттик шайлоодо реформачыл Масуд Пезешкиан жеңип, өлкөнүн тогузунчу президенти болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ал шайлоодо башкы атаандашы Саид Жалилиден 3 миллионго көп добуш алган.

- Масуд Пезешкиан 69 жашта. Реформачыл саясатчы жана акыркы 5 чакырылышта Иран парламентинин депутаты болгон;

- Кесиби боюнча дарыгер. Мохаммад Хатаминин экинчи мөөнөтүндө (2001-2005) Ирандын саламаттык сактоо жана медициналык билим берүү министри болуп иштеген.

Эске салсак, Ирандын буга чейинки президенти Эбрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгынан көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан