Кытайда дамбадан суу ташкындап, 5 миңдей адам эвакуацияланды (сүрөт)

Кечээ, 5-июлда Борбордук Кытайдын Хунань провинциясында болгон Дунтингдеги дамба бузулган. Учурда жеринде куткаруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Синьхуа агенттигинин маалыматына караганда, учурда жабыркагандардын беш миңге жакыны эвакуацияланды.

"Юэйян шаарына жакын жайгашкан Хуажун уездинин Туанчжоу шаарчасынын элдик өкмөтү чоң көлөмдөгү көлдүн суусу боштуктан жогорку ылдамдыкта агып чыкканын билдирди.

Бул бузууну жабуу кыйын болгондуктан, суунун агымын кармап туруу үчүн эки чакырым алыстыкта жайгашкан ​​экинчи тосмону орнотуу сунушталган.

Окуя болгон жерге кум баржалары жөнөтүлүп, тазалоо үчүн жүк ташуучу унаалар да тартылган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан