Волгограддын Красноармейский районунда канализациялык насостук станцияда жарылуу болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Маалыматта бир нече адам жарадар болуп, эки адам көз жумгандыгы айтылат.
"Учурда окуя болгон жерде тез жардам кызматы иштеп жатат. Маалымат такталууда", - деп айтылат маалыматта.