Кечээ, 24-декабрда Спорт Ордосунда “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча "Мен сенден кетейинчи" аттуу ыры менен “Жылдын супер ыры” наамына ээ болгон ырчы Гүлжигит Сатыбековдун концерти
болду. 4 саатка созулган концертте ырчынын аткаруусунда ырлар жаңырды. Мындан сырткары конок катары чакырылган бир катар ырчылар да өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Концерттин башкы окуясы - ырчы мырзанын ата-энесинин эл алдына чыкканы болду. Андан тышкары Аяз ата менен Аяз кыз ырчы тууралуу узатылган суроолорго туура жооп берген күйөрмандарга белектерди ыйгарышты. Гүлжигиттин таржымалын, канча бир тууган экенин, ал кайсы окуу жайды аяктаганын так билгендер үчүн бул ийгиликтүү оюн болду. Оюндун аягында алар 20-катарда 23-орунда отурган бактылуу киши бриллиант көздүү шакектин ээси болорун жарыялашты. Бул орундарда отургандыгын тастыктаган билети жок кишилер сахна жакка каттап жатышты. Акыры "Алтын уя" балдар үйүнөн келген жаш бала чыгып, айтылган орунда отурганын айтып, шакектин ээси болуп калды.