Иран президенттик шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялады

Реформатор Масуд Пезешкиандын президенттик шайлоодогу жеңиши тастыкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Иран мамлекетинин Конституциясын сактоочулар кеңеши президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы добуштарды саноо аяктаганын билдирип, шайлоонун жыйынтыгын бекиткен. Эми шайлоонун жыйынтыгы Ирандын лидери аятолла Али Хаменеиге күбөлөндүрүү үчүн берилет. Андан соң анын кеңсеси өлкөнүн жаңы президентинин инаугурациясынын датасын жарыялайт.

Ирандагы президенттик шайлоонун 5-июлда өткөн экинчи айлампасында реформатор Масуд Пезешкиан консерватор Саид Жалилини жеңип чыккан.

Эске салсак, кезексиз президенттик шайлоо Ирандын президенти Ибрагим Раиси май айында тик учак кырсыгынан каза болгондон кийин өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан