Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуу 15-июлда башталып, 5 тур менен өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, жогорку окуу жайларга ЖРТнын босого баллынан өткөн абитуриенттер гана тапшыра алат.
Белгилей кетсек, ЖОЖдорго бюджеттик негизде жана келишим акыга окутуу формалары үчүн билимин аныктаган тесттин босого баллы 110 деп бекитилди. Ал эми предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.
I тур – 15–20-июлда болот
II тур – 22–27-июль
III тур – 29-июлдан 3-августка чейин
IV тур – 5–10-август
V тур – 12–17-август
БОШ ОРУНДАР БАР БОЛСО:
19-август, саат 09:00 - Кабыл алууга кошумча сунуш кылынган абитуриенттердин тизмесин жайгаштыруу;
19-август саат 09.00дөн 20-август саат 09.00гө чейин ЖОЖго кабыл алууга кошумча сунушталган абитуриенттердин өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу.
20-август саат 09:00 - Кабыл алууга кошумча сунуш кылынган абитуриенттердин тизмесин жайгаштыруу,
20-август 09.00дөн 21-август саат 09.00гө чейин ЖОЖго кабыл алууга кошумча сунушталган абитуриенттердин өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу.
21-август саат 09:00 - Кабыл алууга кошумча сунуш кылынган абитуриенттердин тизмесин жайгаштыруу,
21-август саат 09.00дөн 22-август саат 09.00гө чейин ЖОЖго кабыл алууга кошумча сунушталган абитуриенттердин өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу.