Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы пляжга унаасы менен кирип алган айдоочуга айып пул салынды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу эс алып жаткан элди сыйлабай, унаасы менен көлгө кирип келгендиги жөнүндө маалымдалган.
Аталган маалымат мекеменин Укук бузуулардын бирдиктүү реестрине катталып, айдоочуну аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тийиштүү иштер жүргөн.
Айдоочуга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин (Автоээнбаштык) негизинде проткокол түзүлүп, 15 миӊ сом өлчөмүндө айып салынды.