Жалал-Абадда жар басып, эки наристе чарчап калды

Жалал-Абад шаарында жар көчүп, 4 жана 2 жаштагы эки баланы басып, экөө тең чарчап калды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 8-июлда күндүз Барпы көчөсүндө орун алган. Милицияга жергиликтүү тургундардын бири чалып, жар боюнда ойноп жаткан балдарды топурак жана таш көчүп, басып калганын билдирген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары келгичекти балдарды жергиликтүү тургундар чыгарып алган. Тилекке каршы, экөө тең ооруканага жетпей каза болушкан.

Милиция сотко чейинки териштирүү иштери башталганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан