Бүгүн, 10-июлда президент Садыр Жапаров жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган абитуриенттерге "Алтын сертификат" тапшырды.
Иш-чара мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында болуп өттү.
Өлкө башчы “Алтын сертификаттын” ээлерине президенттин мактоо баракчасын жана ноутбуктарды тапшырды.
Ошондой эле Жапаров абитуриенттерди ийгилиги менен куттуктап, алардын бул даражага жеткирген мугалимдерине жана ата-энелерине ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, быйыл жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упай 234тү түздү.
“Алтын сертификатка” Бишкек шаарынан – 35, Чүй облусунан – 7, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 7, Жалал-Абад облусунан – 3, Нарын облусунан – 3, Талас облусунан – 2 жана Баткен облусунан – 1 окуучу ээ болду.