Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу Босния жана герцеговиналык футболчу Алекса Мрджа менен келишим түздү. Бул тууралуу маалымат аталган футболдук клубдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
"24 жаштагы чабуулчу Алекса Мрджа биздин клуб менен сезондун аягына чейин келишим түздү. Ал буга чейин мальталык "Santa Lucia" клубунда ойногон", - деп айтылат андагы маалыматта.