Баткен облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Айгүл-Таш-Согмент-Таян, Сох-Кан-Зардалы, Коргон-Катран-Баул унаа жолдорунда сел жүрүп, учурда жол жабык. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, жерине аймакты тейлеген жолчулар жана атайын техникалар тартылды.
Мындан тышкары Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 313-330-чакырымдар аралыгы жана жолдун Баткен-Боз-Адыр тилкесинде каттам убактылуу токтоду.
Кошумча маалымат берилет.