Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери Аяз ата кызматын аткарышууда

Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Жаңы жылга карата балдарга белек беришүүдө. Бул тууралуу РИИБинин жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Алишер Сайдаматов билдирди.

Анын айтымында, балдарга Жаңы жылдык маанай тартуулоо үчүн милиция кызматкерлери өз жандарынан каражат жыйнашкан. Ага алынган белектерди бир канча жатак-мектептерге, балдар үйүнө алып барып тапшырышмакчы.

"Бүгүн, 25-декабрда Кашкар-Кыштак айылындагы дүлөйлөр жатак-мектебине барып белек тапшырабыз. Мындан сырткары район аймагындагы башка интернаттардын балдарына, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга да майрамдык маанай тартууласак деп турабыз" деп билдирди Сайдаматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан