14-июлда Германияда Европа чемпиондугунун финалдык беттеши өтүп, анда Испания менен Англиянын курама командалары кез келет. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Турнирдин чечүүчү оюну Кыргызстандын убактысы боюнча саат 22:50дө Берлиндеги "Олимпиаштадион" стадионунда өтөт.
Эске салсак, жарым финалда Испания курамасы Францияны утса, ал эми Англия курама командасы оюндун акыркы мүнөттөрүндө, таагыраак айтканда, 91-мүнөттө гол киргизип, Голландияны артта калтырды.