Бишкек шаарындагы турак үйлөрдүн биринин бөлмөсүнөн өрт чыгып, 2 адам түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурлан Ташманбетов бүгүн, 25-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, өрт электр жылытуучу жабдууларын туура эмес пайдалануудан улам келип чыккан. Анын кесепетинен 1927-жылы туулган үй ээси жана анын 1963-жылкы уулу каза болгон.