
Көк бөрү боюнча улуттук курама команда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярданууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Ага ылайык, улуттук курама команданын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюнадарына даярдык көрүү максатында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө.
1-июлда башталган окуу-машыгуу жыйыны августтун аягына чейин уланары айтылат.
Көк бөрү жана көк пар боюнча курама команданын тизмеси:
- Жолдошбек Орозбаев (коргоочу);
- Манас Ниязов (чабуулучу);
- Дастан Сагынбек уулу (коргоочу);
- Эрлан Төлөбеков (коргоочу);
- Дастан Русланов (чабуулучу, жекеме-жеке);
- Рустам Тыналиев (чабуулчу);
- Фархат Бейшекеев (коргоочу);
- Ильяс Исаков (коргоочу);
- Кубаныч Султан уулу (чабуулчу, жекеме-жеке);
- Кушчубай Илис уулу (жекеме-жеке);
- Искак Бекболот уулу (чабуулчуу);
- Нооруз Раатбек уулу (жекеме-жеке);
- Өмүрбек Эсен уулу (чабуулчу, жекеме-жеке);
- Нуржан Мелисбек уулу (чаблуучу);
- Нурдин Болотбеков (чабуулчу, жекеме-жеке);
- Эмирлан Жеңишбеков (коргоочу);
- Майрамбек Рыспеков (чабуулчу);
- Баяман Муралим уулу (чабуулчу);
- Максат Кайдыбаев, Ринат Усупбаев – машыктыруучулар.
Окуу-машыгуу жыйыны Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын 2024-жылга алынган календардык планына ылайык өткөрүлүүдө.