Футбол боюнча улуттук кураманын 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун 3-тандоо турунун алкагында сентябрда өтө турган оюндардын жүгүртмөсү жарыяланды.
Кыргыз футбол бирикмеси билдиргендей, ушул жылдын 5-сентябрында Ирандын борбору Тегерандын "Азади" стадионунда Кыргызстан менен Ирандын курама командаларынын беттеши өтөт.
Ал эми 10-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо улуттук курама команда Өзбекстан менен кез келери кабарланат.