Азия чемпиону, дзюдочу Эрлан Шеров Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарында Кыргызстан курама командасынын туу көтөрүүчүсү болуп дайындалды.
Ал желекти 26-июлга белгиленген ачылыш аземинде спортчулардын парадында көтөрүп чыгат.
Спортчу 31-июлда Олимпиадада дзюдо боюнча 90 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат.
Белгилей кетсек, Токио Олимпиадасында өлкө желегин суучул Денис Петрашов менен ок атуучу Каныкей Кубанычбекова көтөрүшкөн.