Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ири өрт Бишкектеги Ак-Ордо 3 конушунда эмес, Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айыл аймагында чыкканын тактады.
Маалыматка караганда, өрт саат 22:04тө толук өчүрүлдү. Андан жабыркагандар жок.
Тилсиз жоонун кесепетинен 3 гектар арпа жана талаанын четинде жаткан 3 куб курулуш материалдары өрттөнгөн.
Белгилей кетсек, буга чейин ӨКМ алдын ала маалыматтар боюнча Ак-Ордо 3 конушунда эгин талааны ири өрт чалганын, жеринде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатканын кабарлаган.