Орусиянын Москва облусунун Коломенский районунда кечээ, 12-июлда "Сухой Супержет 100" жүргүнчу учагы кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, Superjet 100 учагы пландык оңдоодон кийин сыноо учуу учурунда кулап түшкөн. Учакта үч адамдан турган экипаж болгон, алардын баары набыт кеткен.
Супержет учкандан 7 мүнөттөн кийин кулап түшкөн. Экипаж кырсык сигналын жандырып, авариялык конуу үчүн тегеренип учкан. Үчүнчү жолку айланууда кулаган.
Кырсыкка кабылган "Сухой Супержет 100" учагы 2014-жылы чыгарылган жана "Газпром Авиа" компаниясына таандык болгон.
Бул адам өлүмү менен коштолгон тарыхтагы үчүнчү Superjet кырсыгы. Биринчиси 2012-жылы Индонезияда демонстрациялык учуу учурунда болгон. Экинчиси - 2019-жылдын май айында орун алган, анда Шереметьеводо өрттөнүп кеткен учакта 41 адам каза болгон.