Дональд Трампка ок чыгарган ким экени белгилүү болду

АКШда президенттикке талапкер Дональд Трамптын өмүрүнө кол салуу аракетин 20 жаштагы Томас Мэттью Крукс жасаганын The New York Post өздүк булактарына таянып жазды.

The New York Post гезити Пенсильванияда туулган Крукс шайлоо өнөктүгү учурунда бир нече жолу ок атканын, анын ичинде Трамптын кулагынан жарадар болгонун маалымдаган.

Крукс Трамп сүйлөп жаткан сахнадан болжол менен 120 метр алыстыкта ​​жайгашкан өндүрүш ишканасынын чатырына чыккан.

Акыркы маалыматтар боюнча, атышуулардын натыйжасында кол салган адам окко учуп, митингдин катышуучуларынын бири набыт болуп, дагы экөө жарадар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан