Казакстанда эркек киши аялды элдин көзүнчө бычактап салды (видео)

Казакстандын Мангистау облусунда эркек киши элдин көзүнчө аялды бычактап салганын казак басылмалары жазып чыгышты. Социалдык тармактарда окуя болгон жерден тартылган үрөй учурган кадрлар пайда болду.

Видеонун авторунун айтымында, эркек киши супермаркеттердин биринин жанында аялын бычактап салган. Анда дүкөндүн алдында канга боёлгон аялдын жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле чогулуп турган элге эркек кишинин кыйкырып жатканын байкоого болот.

Мангистау облусунун ички иштер башкармалыгы кол салган адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгендигин билдирди.

Бирок окуя учурунда полициянын аракети казакстандыктардын сынына кабылды.

Мангыстауда эркек киши аялына элдин көзүнчө бычак менен кол салган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан