"Кылым тою". Индияда Азиядагы эң бай адамдын уулу үйлөндү (видео)

Индиянын Мумбай шаарында 12-14-июль күндөрү дүйнөнүн эң бай адамдарынын бири Мукеш Амбанинин уулу 29 жаштагы Анант Амбани менен фармацевтикалык компаниянын жетекчиси Вирена Мерчанттын 29 жаштагы кызы Радхика Мерчанттын үйлөнүү тою өттү. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, бейрасмий эсептөөлөр боюнча, үйлөнүү үлпөткө жана ага чейинки салтанаттарга 600 миллион долларга чейинки каражат жумшалган. Бирок азырынча расмий маалымат бериле элек.

Мукеш Амбани “Форбс” журналы боюнча дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде 9-орунда турат. Ал эми кыздын атасы Вирен Мерчанттын байлыгы 116 миллиард долларга бааланган.

Той Мумбайдагы “Reliance Industries” компаниясына таандык Jio World көргөзмө борборунда өттү. Тойго келген атактуулардын арасында Улуу Британиянын мурдагы премьер-министрлери Борис Жонсон жана Тони Блэр жубайы Шери менен, телеалпаруучулар Ким жана Клоуи Кардашяндар, индиялык модельер жана актрисалар Айшвария Рай, Приянка Чопра, мурдагы америкалык профессионал мушкер Майк Тайсон, америкалык актёр Жон Сина, америкалык ырчы жана музыкант Ник Жонас, Индиянын премьер-министри Наренда Моди болгон.

Март айында той алдындагы салтанаттардын биринде башка белгилүүлөр менен бирге америкалык ырчы Рианна келип, 150 миллион долларга өз концертин тартуулап кеткен. Ал эми дагы бир иш-чарасында Жастин Бибер катышып, анын кызмат акысы 10 миллион долларга бааланган.

Май айында үлпөттүн алкагында кеме менен Франция жана Италиянын жээктерин аралаган төрт күндүк круиз орун алган. Анда “Backstreet Boys” тобу, ошондой эле ырчы Кэти Перри жана ди-джей Давид Гетта өнөрлөрүн тартуулашкан.

Индиядагы той
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан