Чеченстанда курулушта газ баллондор жарылып, 5 адам каза болуп, 26 адам жаракат алды

Чеченстандагы курулуш объектисинде газ баллондордун жарылуусунан 5 адам каза болуп, 26 адам жаракат алды. Бул тууралуу "112" Телеграм каналы билдирди.

Жарылуу Итум-Калын районунун Башин-Кали айылындагы курулушта болгон. Оор жаракат алгандар Грозныйдагы республикалык ооруканага эвакуацияланууда.

Техногендик кырсык болгон жерде таштандыларды тазалоо иштери уланууда. Ошондой эле аман калгандарды издөө жана окуянын чоо-жайын тактоо боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан