Рак илдетинен дарыланып жаткан ханбийке Кейт Миддлтон эл алдына чыкты (сүрөт)

Уэльс ханбийкеси Кейт Миддлтон март айында рак илдетинен дарыланып жатканын айткандан кийин экинчи жолу эл алдына чыкты.

Чет элдик басылмалар жазгандай, бул ирет ал Уимблдондун финалдык беттешине катышып, турнирдин кубогун испаниялык Карлос Алькараска тапшырган.

"Ханбийке турнирга келгенде эл кол чабуулар менен тосуп алды. Кейт Миддлтон жооп иретинде көрүүчүлөр менен саламдашты", - деп айтылат маалыматтарда.

Аны менен бирге 9 жаштагы кызы ханбийке Шарлотта да келген.

Белгилей кетсек, Кейт Миддлтон рак илдетине чалдыккандан кийин алгачкы жолу июнь айынын ортосунда эл алдына чыккан. Анда ханбийке королдук үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү менен парадга катышкан.




                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан