Казакстанда Салтанат Нукенованын өлүмүнө байланыштуу соттук процесстен кийин белгилүү болгон прокурор Айжан Аймаганованын кызматтык наамы көтөрүлдү. Бул туурасында казак басылмалары жазып чыгышты.
Айжан Аймаганова өзүнүн Instagram баракчасына подполковник даражасынын погондорун тагынган формада («Юстиция кеңешчиси» класстык чини) видео киргизген. Социалдык тармактын колдонуучулары прокурорго куттуктоо иретинде билдирүү калтырышууда.
Маалымдалгандай, Куандык Бишимбаев менен анын тууганы Бахытжан Байжановдун соттук иштери жүрүп жаткан учурда айыптоочу тараптын өкүлү Аймаганова юстициянын майору болчу.