Орусия менен Кытайдын деңиз күчтөрү биргелешкен машыгуу өткөрүүдө

Кытай менен Орусиянын деңиз күчтөрү Кытайдын түштүгүндөгү Чжаньцзян аскердик портунда биргелешкен машыгуу өткөрүп жатканын орус басылмалары жазууда.

Маалыматка караганда, "Деңиз кызматташтыгы-2024" аталышындагы машыгуу 15-июлдан 17-июлга чейин өтөт.

Анда эки өлкөнүн аскер деңиз күчтөрү биргелешип суу астында жүрүүчү кайыктарга каршы жана абадан коргонуу операцияларын жүргүзүшмөкчү. Ошондой эле деңизде куткаруу иштери боюнча дагы машыгуулар өткөрүлмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан