АКШнын президенти Жо Байден эгер дарыгерлер анын ден соолугунда көйгөй бар экенин аныкташса гана президенттик жарыштан баш тартарын билдирди. Бул тууралуу ал BET телеканалына маек берип жатып айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ошондой эле Ак үйдүн башчысы талапкерликтен баш тартууга улгайган куракты жетиштүү негиз деп эсептебей турганын баса белгилеген.
"Чынын айтсам, менимче, карылык гана акылмандыкка алып келет", - деген ал.
Буга чейин Байден аны шайлоо жарышынан чыгууга Кудай гана мажбурлай аларын айткан болчу.