Монголиялык Michel&Amazonka бренди Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында кие турган улуттук курама команда үчүн форманы иштеп чыкты. Бул кийимдер менен спортчулар мелдештин ачылыш жана жабылыш аземине катышат.
Костюмдар олимпиадалык жана улуттук символдорду айкалыштырат. Жаратуучулар белгилегендей, "бул сулуулук менен салттын айкалышы". Кийим-кечелер алтын жип менен саймаланган күндүн, айдын жана мифологиялык Гуа Маралдын сүрөттөрү менен кооздолгон.
Монголиянын курама командасынын формасынын сүрөттөрү бүт дүйнөгө тарап, бардык популярдуу социалдык тармактарда миллиондогон лайктарды жана жүз миңдеген комментарийлерди чогултууда. Жайкы аптапта мүмкүн болуучу ыңгайсыздык боюнча сынга карабай, жалпы пикир оң бойдон калууда.
26-июлда өтө турган Олимпиаданын ачылыш аземинде монгол спортчулары эң стилдүү спортчулардан болору күтүлүүдө.