Сауд Арабиянын "Аль-Хилал" клубу бразилиялык чабуулчу Неймардын кайрадан клубга келерин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Ал 2023-жылдын октябрында жаракат алган. Ага ылайык, ал кийинки сезондун да башталышын өткөрүп жиберет деген маалыматтар тараган.
"Мен кайрадан келдим. Оюндарда жолугушабыз", - деп билдирген Неймар Х социалдык баракчасы аркылуу.
Неймар 2023-жылы жайында "Аль-Хилал" клубуна өткөн. Бул аралыкта ал беш беттешке катышып, бир гол киргизген.