Элера Кабылжан кызы: "Ырчы болушума ата-энемдин салымы чоң"

SUPER.KG порталынын бул жолку маек төрүндө учурдагы "Муңайба, Адеми" хит ырынын аткаруучусу Элера Кабылжан кызы болду. Ал жеке ырчы катары эле эмес, Карамолдо Орозов атындагы оркестрдин солисти катары да белгилүү. Маектин жүрүшүндө чыгармачылыгы, жеке жашоосу жана учурдун хити ырын кантип ырдап калганы тууралуу айтып берди.

Ырчы айым Оштун Өзгөн районунун Макаренко айылында туулуп өскөн.

"Ата-энем ырга шыктуу, музыка жандуу кишилер. Бирок убагында турмуш-шартка байланыштуу башка жолду тандап кетишиптир. Ырчылык өнөр ата-энемден берилсе керек. Кичинемде дипломат же юрист болом дечүмүн, бирок тагдырдын планы башкача экен. Мектепти бүтүп Искусство университетине тапшырышыма ата-энемдин салымы чоң, анткени алар менин шыгымды байкап, искусство багытында кетишиң керек деп жол көрсөткөн адамдар болушту. Азыр дипломдуу ырчымын, Улуттук филармониянын солистимин, жеке чыгармачылык менен да алектенип жүрөм", - дейт ал.

Ошондой эле айылдаштары аны менен сыймыктана турганын айтып, кезинде Бишкекке көнө албай, айылын сагынып ыйлаган күндөрүн да эстеп өттү.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан