Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасы (U-15) Сирача шаарында (Таиланд) өтүп жаткан Азия чемпиондугунда 4 медаль (1 күмүш, 3 коло) жеңишти. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, 44 килограммга чейинки салмакта Абдулазиз Муминов күмүш медалга ээ болду.
Ал эми Байэл Шүкүров (41 килограмм), Адилет Жылкыбаев (52 килограмм) жана Эдил Нурбеков (68 килограмм) 3-орунду ээлешти.
Курама команданын машыктыруучусу Айбек Бердалиев болду.