Индиядагы жеке менчик ооруканада 50 жаштагы казакстандык аял зордукталганын казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жабырлануучу оорукананын 25 жаштагы санитары тарабынан зордукталган. Индия полициясы бейтап өлкөгө кызы менен бирге 12-июлда келгенин, ага жекшемби күнү операция жасалганын, андан соң калыбына келтирүү бөлмөсүнө которулгандан кийин шектүү ага бир нече жолу сексуалдык ыдык көрсөткөнүн маалымдаган. Ошондой эле билдирүүдө аял өзүнө жасалган ыплас иш тууралуу кызына айтканы, ал болсо өз кезегинде оорукананын жетекчилигине жана укук коргоо органдарына кайрылганы кошумчаланган.
"Бейтаптын кызынын арызынын негизинде ошол эле күнү зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү 15-июлда кармалып, тергөө абагына киргизилген", - деп айтылат маалыматта.
Шектүү делип кармалган Тхакур Сингх Раджастан штатынан, ал бир жылдан бери ооруканада иштеп келген.